Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 30-апрелиндеги N 33 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 21-декабры № 247
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө
(КР 2013-жылдын 6-июнундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
3-глава. Корпорациянын ишин уюштуруу
4-глава. Корпорациянын программалык жана редакциялык саясаты
5-глава. Корутунду жоболор
Ушул Мыйзам коомдук берүүлөрдү өнүктүрүү максатында ачыктык, адилеттүүлүк жана калыстык принциптерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын укуктук мураскору) ишин жөнгө салат.
1-берене. Жөнгө салуу предмети
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (мындан ары - Корпорация) ишинин укуктук негиздери, анын юридикалык статусу, ошондой эле Кыргыз Республикасында коомдук телерадиоберүүнүн принциптерин ишке ашыруу ушул Мыйзамдын жөнгө салуучу предмети болуп саналат.
2-берене. Корпорациянын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Корпорация өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, жалпыга маалымдоо каражаттар жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр