Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-декабры № 1/2
Депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Депутаттардын V-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 2 протоколун угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын V-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 2 протоколу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын IV-бөлүмүнүнүн 37-беренесинин 2-пунктуна ылайык жашыруун жабык добуш берүү менен көпчүлүк депутаттардын добушуна ээ болгон № 1 Акжар шайлоо Округунан шайланган депутат Тургуналиева Акыл Жолдошбековна Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрайымы болуп шайлансын.
Сессиянын төрагасы | Б. Абдилов |