Редакцияот 13.11.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы

 

2012-жылдын 13 ноябры №27/206

Сары-Булак айыл аймагынын № 4162 Каракужур участкалык шайлоо комиссияларынын резервтик курамын бекитүүгө Кочкор райондук аймактык шайлоо комиссиясына сунуш кылуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине негизинде Жергиликтүү Кеңештинин депутаттарын шайлоо боюнча Сары-Булак айыл аймагынын

№ 4162 Каракужур участкалык шайлоо комиссияларынын резервтик курамына көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча келип түшкөн сунуштарды карап чыгып жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү Кеңештинин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүүгө карата, Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчулүктүү ограндарынын өкүлдөрүнүн коомдук уюмдарынан, жарандардын жашаган жеринин шайлоочуларынын чогулуштарынан Сары-Булак айыл аймагынын № 4162 Каракужур участкалык шайлоо комиссияларынын резервтик курамына бекитип берүү жагы Кочкор райондук аймактык шайлоо комиссиясына сунуш кылынсын.

№ 4162 Каракужур участкалык шайлоо комиссияларынын резервтик курамына төмөндөгү талапкерлер сунушталсын:

·         Жунушов Каниет -М. Малаев, Көбөгөн Ажы, Ш. Ресмендеев көчөлөрүнун шайлоочуларынын чогулушунан;

·         Байсабаев Ырысбек Исагалиевич -Мектеп аймагынын шайлоочуларынын чогулушунан;

·         Эсенгелдиев Бакыт Жумаевич -Байгөчөк, Кара-Суу көчөлөрүнун шайлоочуларынын чогулушунан;

2. Сары-Булак айыл аймагынын № 4162 Каракужур участкалык шайлоо комиссияларынын резервтик курамына бекитүүдө көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен мурда шайлоо комиссияларында иштеген тажрыйбасы барлар эске алынсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешине тапшырылсын.

 

Кеңешинин төрагасы

А. Байтереков