Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 24-январы № 2
2011-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Табигый кырсыктардын коркунучтарын башкаруу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2011-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Табигый кырсыктардын коркунучтарын башкаруу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте, жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |