Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 1-июну № 76
Чогуу алганда Бишкек шаарынын Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрүн реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү Кытай Эл Республикасынын катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июлундагы жооп-катын ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Чогуу алганда Бишкек шаарынын Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрүн реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзүүчү Кытай Эл Республикасынын катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июлундагы жооп-каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгилеген тартипте аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө кытай тарапка билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |