Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 15-июну № 83
2011-жылдын 16-июнунда Москва шаарында кол коюлган, Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2011-жылдын 16-июнунда Москва шаарында кол коюлган, Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын атынан чыгуучу компетенттүү орган болуп аныкталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткарганы тууралуу Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун катчылыгына белгиленген тартипте кабарландырылсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрсөтүлгөн Макулдашуунун жоболорунун ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрсүн.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |