Редакцияот 10.07.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2012-жылдын 10-июлу № 102

 

2011-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган "Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо" жана "Ош шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

 

2011-жылдын 23-майында Бишкек шаарында кол коюлган "Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо" жана "Ош шаарынын суу менен жабдуусун жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуулар ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарганы жөнүндө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына билдирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев