Редакцияот 25.07.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2012-жылдын 25-июлу № 126

 

Москва шаарында Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Коллективдүү коопсуздук кеңешинин сессиясында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган, Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

 

Москва шаарында Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Коллективдүү коопсуздук кеңешинин сессиясында 2010-жылдын 10-декабрында кол коюлган, Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2002-жылдын 7-октябрындагы Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткарганы жөнүндө Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгына билдирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев