Редакцияот 25.07.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2012-жылдын 25-июлу № 128

 

Сенегал Республикасынын Дакар шаарында 2008-жылдын 14-мартында ИКУ 11-Саммитинде кабыл алынган Ислам Конференциясы Уюмунун Уставын ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

 

Сенегал Республикасынын Дакар шаарында 2008-жылдын 14-мартында ИКУ 11-Саммитинде кабыл алынган Ислам Конференциясы Уюмунун Уставы ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Уставдын ратификацияланышы жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Ислам Конференциясы Уюмунун Башкы катчылыгына сактоого берсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев