КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-декабры № 177
2014-жылдын 26-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Ысык-Көл районунун Кум-Бел, Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча округдардын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө |
Кажы-Сай айылдык кеңешинин 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 10, Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 4, Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 5-декабрындагы №3, Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 4-декабрындагы № 3 протоколдоруна, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,4,5-пункттарына, 20-беренесиндеги 1-бөлүктүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-ноябрындагы ПЖ №218 Жарлыгынын 2-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Чүй облусттарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө” ПЖ №226 Жарлыгынын 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча округдардын схемалары төмөнкүдөй бекитилсин:
11 мандаттуу Кажы-Сай айылдык аймагы
№1 шайлоо округу
№ 3207 шайлоо участкасынын чек араларында
Шайлоочулардын саны– 879, мандаттардын саны – 4
Борбору: Кажы-Сай а., Маданият үйүнүн имараты
№ 2 шайлоо округу
№ 3208 шайлоо участкасынын чек араларында
Шайлоочулардын саны– 1299, мандаттардын саны – 6
Борбору: Кажы-Сай а., А.С. Пушкин атындагы орто мектебинин имараты
№ 3 шайлоо округу
№ 3211 шайлоо участкасынын чек араларында
Шайлоочулардын саны– 205, мандаттардын саны – 1
Борбору: Кажы-Сай а., Алтын-Жээк пансионатынын имараты.