Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 25-июлу № 142
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 5-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк жана эскертүү менен толукталсын:
"Ушул статьянын эскертүүсүндө каралган учурларды кошпогондо, администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адам өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө милдеттүү эмес.
Эскертүү. Ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн жобосу ушул Кодекстин 20-главасында каралган, фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттары менен бул администрациялык укук бузуулар белгиленген учурда, транспорт каражаттарын пайдалануу менен жасалган администрациялык укук бузууларга жайылтылбайт.".
2. 23-статья төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Эгерде бул Кодекстин 20-главасында ушул глава менен белгиленген ченемдер жеке же юридикалык жакка гана карата колдонула тургандыгы каралбаса, мааниси боюнча бул ченемдер жеке жакка гана же юридикалык жакка гана таандык жана колдонулушу мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, бул ченемдер жеке, ошондой эле юридикалык жакка карата бирдей өлчөмдө күчүндө болот.".
3. 28-статьяда:
2-пунктта "Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүү," деген сөздөр алып салынсын;
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Администрациялык укук бузууну жасоонун куралы же анын түздөн-түз объектиси болуп саналган буюмдарды конфискациялоо, Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүү кошумча администрациялык жаза катары гана белгиленет жана колдонулат.".
4. 41-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Ушул Кодекстин 20-главасында каралган укук бузуулар табылган жана фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуу катталган учурларда, администрациялык жаза өлчөмү ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн статьясында колдонулган санкциянын чегинен алда канча төмөн болгон администрациялык айып түрүндө дайындалат.".