Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 22-майындагы № 104 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 3-августу № 146
"Автомобиль жолдору жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 322-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 4-статьяны кошпогондо, Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөр формасындагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
ар кандай жөндөмөлөр формасындагы "Кыргыз Республикасынын ИИМ Мамлекеттик автомобиль инспекциясы" жана "жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча "Көпчүлүк пайдалануучу" жана "көпчүлүк пайдалануучу" деген сөздөр тийиштүүлүгүнө жараша "Жалпы пайдалануудагы" жана "жалпы пайдалануудагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 1-статьянын 2 жана 5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 3-статьянын 1-бөлүгүндө "жол кыймылынын эрежелери, мамлекеттик стандарттар жана башка ченемдик документтер" деген сөздөр "ченемдик укуктук актылар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 4-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Жеке менчик автомобиль жолдору