Загрузка документа…
КР 2026-жылдын 13-февралындагы № 14 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 8-августу № 153
Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-майындагы № 70, 2016-жылдын 21-октябрында № 169, 2017-жылдын 18-мартындагы № 46, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам коррупцияга каршы аракеттенүүнүн негизги принциптерин, коррупцияны алдын алуунун жана аны менен күрөшүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин азайтуунун, жоюунун укуктук негиздерин белгилейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин жана коомдук кызыкчылыктарды коррупциянын көрүнүштөрүнөн келип чыгуучу коркунучтардан коргоону камсыз кылууга багытталган.
1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Коррупция - бийликтик ыйгарым укуктарга ээ болгон бир же бир нече кызмат адамдарынын айрым адамдар же топтор менен материалдык, кандай болбосун башка жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле алар тарабынан бул жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды жеке жана юридикалык жактарга берүү, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарына коркунуч түзүүчү укукка каршы туруктуу байланыштарды түзүүдө атайылап жасалган жосун.
Коррупцияга каршы аракеттенүү - мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом институттарынын, уюмдардын жана жеке жактардын өз ыйгарым укуктарынын чектериндеги төмөнкү иши:
1) коррупциянын алдын алуу, анын ичинде коррупцияны табуу жана андан ары коррупциянын себептерин четтетүү (коррупциянын алдын алуу) боюнча;
2) коррупциялык укук бузууларды табуу, аларга бөгөт коюу, ачуу жана териштирүү (коррупция менен күрөшүү) боюнча;
3) коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин азайтуу, жоюу боюнча;
4) коррупциялык укук бузууларды табууга, алардын алдын алууга, аларга бөгөт коюуга, ачууда жана териштирүүгө көмөк көрсөтүү боюнча.
2-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн укуктук негизи
Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, конституциялык мыйзамдар, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормалары түзөт.
3-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн негизги принциптери