Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 9-августу № 159
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 31 жана 32-пункттары менен толукталсын:
"31) пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резерви - астындагы пайдалуу кендери чалгындалган, Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин корлорунун мамлекеттик балансында эсепке алынган жерлер;
32) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу жана Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервиндеги жерлерден жер участокторун пайдаланууга берүүчү мамлекеттик орган.".
2. 5-статьянын 3-пунктунда:
- пункт "Айыл чарба жерлерин" деген сөздөрдөн кийин "жана жер казынасын пайдаланууга берилүүчү жерлерди" деген сөздөр менен толукталсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Чет өлкөлүк жактарга жер казынасын пайдалануу үчүн жерлер убактылуу пайдаланууга Кыргыз Республикасынын жарандары болгон жер пайдалануучуларга берилүүчү тартипте берилет.".
3. 8-статьянын 3-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айыл чарба багытындагы жерлерден башка жерлерди берүү үчүн ижара төлөмүнүн чегине жеткен өлчөмү жер салыгынын эки ставкасынан ашпашы керек.".
4. 10-статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын: