Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 29-октябры № 174
Бишкек шаарында кытай тилин окутуучу жалпы билим берүү мектебин куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну биргелешип түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-мартындагы жооп катын ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бишкек шаарында кытай тилин окутуучу жалпы билим берүү мектебин куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну биргелешип түзүүчү Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-мартындагы жооп каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө кытай тарапка белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |