Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 22-ноябры № 187
2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы өкүлчүлүк кылган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында Кредит берүү жөнүндө кредиттик макулдашууга өзгөртүүнү ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы өкүлчүлүк кылган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында Кредит берүү жөнүндө кредиттик макулдашууга өзгөртүү ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Кредиттик макулдашууга өзгөртүүнүн күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткарганы жөнүндө Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев
|