КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 30-ноябры № 189
2012-жылдын 9-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2011-2012-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2011-2012-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2012-жылдын 9-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2011-2012-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2011-2012-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы ушул макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнө маалымдасын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |