ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
2012-жылдын 30-ноябры № 190
2012-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Инвестициялык климатты жакшыртуу
программасы - 2-программачасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2012-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы - 2-программачасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы ушул Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына маалымдасын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент Кыргызской Республики |
А.Атамбаев |