Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 5-декабры № 193
2012-жылдын 10-июлунда Тегеран шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына Иран Ислам Республикасынын Өнүктүрүүнүн гранттык жардамы жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумун ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2012-жылдын 10-июлунда Тегеран шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына Иран Ислам Республикасынын Өнүктүрүүнүн гранттык жардамы жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандуму ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы ушул Меморандум күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө ирандык тарапка билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |