Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 11-апрели № 49
Бирге алганда Ош шаарында оорукана комплексин куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жана офистик эмеректин бөлүгүн жана медициналык жабдууларды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзгөн Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин катына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2012-жылдын 25-майындагы жооп катын ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бирге алганда Ош шаарында оорукана комплексин куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жана офистик эмеректин бөлүгүн жана медициналык жабдууларды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну түзгөн Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин катына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2012-жылдын 25-майындагы жооп каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте кытай тарапка көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2013-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |