Редакцияот 01.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 1-июну № 87

"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 3-статьянын үчүнчү абзацында "параолимпиадалык" деген сөз "паралимпиядалык" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. 6-статья төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи - он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте дене тарбия ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы коомдук бирикмелерди аккредитациялоо;

- белгиленген тартипте спорттун түрлөрүнүн жана спорттук дисциплиналардын Улуттук реестрин жүргүзүү;

- эл аралык спорттук мелдештерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгуучу жогорку квалификациялуу спортсмендерди уюштуруу жана даярдоо маселелери боюнча дене тарбия - ден соолукту чыңдоо жана спорттук багыттагы расмий коомдук бирикмелердин ишин координациялоо жана контролдоо.".

3. 8-статьянын 3-бөлүгүндөгү "жана контролдогон" деген сөздөр алып салынсын.

4. 11-статьяда:

аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү "Параолимпиадалык кыймыл" жана "Параолимпиадалык оюндарга" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Паралимпиадалык кыймыл" жана "Паралимпиадалык оюндарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2-бөлүгүндөгү "параолимпиадалык" деген сөз "паралимпиадалык" деген сөзгө алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

3-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө Спорттун түрлөрүнүн жана спорттук дисциплиналардын Улуттук реестрин жүргүзүүнүн тартибин бекитсин.

 

  Кыргыз Республикасынын

    Президенти

 

А.Атамбаев