Редакцияот 08.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 16-майы № 94

 

Бишкек шаарында 2012-жылдын 20-декабрында кол коюлган "Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдүн өнүктүрүүнүн" экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республнкасынын жана Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Финансылык макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене. Бишкек шаарында 2012-жылдын 20-декабрында кол коюлган "Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн" экинчи долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын жана Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Финнансылык макулдашуу ратификациялансын.

2-берсне. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министрлиги көрсөтүлгөн Фннансылык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Азия Өнүктүрүү Банкына билдирсин.

3-  берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А. Атамбаев