Загрузка документа…
Көңүл бургула! 2025-жылдын 8-августундагы Кыргыз Республикасынын № 192 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 24-июну № 100
Соттук-эксперттик иш жөнүндө
(КР 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 83, 2025-жылдын 8-августундагы № 192 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Соттук-эксперттик уюмдун жетекчисинин жана экспертинин милдеттери жана укуктары
3-глава. Соттук экспертизаларды жүргүзүү
4-глава. Соттук-эксперттик уюмдардын ишин каржылык, уюштуруучулук, илимий-усулдук жана маалыматтык жактан
камсыз кылуу
5-глава. Соттук-эксперттик иш жаатында эл аралык кызматташтык
6-глава. Корутунду жоболор
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик иштин укуктук негизин, уюштуруу принциптерин жана негизги багыттарын аныктайт, ошондой эле соттук-эксперттик ишти жүзөгө ашырууда келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салат.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
Соттук экспертиза - жазык, жарандык, администрациялык иштер жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча далилдөөгө жаткан жагдайларды белгилөө максатында эксперттин алдына коюлган илим, техника, искусство же өнөрчүлүк жаатында атайын билимдерди талап кылган маселелер боюнча эксперт тарабынан изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана корутунду берүүнү камтыган процесстик аракет.
Соттук эксперттин тыянагы - ал тарабынан экспертизанын объекттерине жүргүзүлгөн изилдөөлөрдү талдоонун натыйжасында алынган, атайын билимдердин базасындагы изилдөөнүн натыйжасы боюнча түзүлгөн, конкреттүү маселе боюнча соттук эксперттин жазуу жүзүндө баяндалган ой корутундусу. Тыянактар бир маанилүү жана ыктымалдуу болушу мүмкүн.
Соттук эксперттин ыктымалдуу тыянагы - белгиленүүчү факт жөнүндө соттук эксперттин негиздүү божомолу (гипотезасы). Ыктымалдуу тыянак өз алдынча далилдөө маанисине ээ эмес.
Соттук эксперттин бир маанилүү тыянагы - факт жөнүндө соттук эксперттин айкын, ишенимдүү ой корутундусу камтылган тыянак.
Кошумча экспертиза - мурда жүргүзүлгөн соттук экспертизанын натыйжалары боюнча соттук эксперт алдыга коюлган бардык маселелерди чечпеген же болбосо кошумча маселелерди чечүү, же болбосо мурдагы изилдөөгө байланышкан объекттерди текшерүү зарыл болгон учурларда өткөрүлө турган, ошол эле же башка соттук экспертке тапшырылган соттук экспертиза.
Соттук эксперттин корутундусу - коюлган маселелер боюнча илимий негизделген тыянактар баяндалган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жол-жоболоштурулган процесстик документ жана далилдин түрү.
Соттук эксперттин квалификациясы - соттук экспертизанын белгилүү түрүн жүргүзүү үчүн соттук экспертте зарыл билимдин, иш билгиликтин, кесиптик көндүмдөрдүн жана тажрыйбанын болушу.
Комиссиялык экспертиза - бир адистиктеги бир нече соттук эксперттер тарабынан өткөрүлүүчү соттук экспертиза.
Комплекстүү экспертиза - өздөрүнүн компетенциясынын чектеринде ар түрдүү адистиктеги эксперттер тарабынан өткөрүлүүчү соттук экспертиза.
Баштапкы экспертиза - маселени чечүү үчүн иш боюнча алгач өткөрүлгөн соттук экспертиза.
Кайталанган экспертиза - мурдагы соттук экспертизанын натыйжалары боюнча соттук эксперттин корутундусу соттук эксперттин тыянактарынын тууралыгына негиздүү шектенүүлөрдү пайда кылган же болбосо мурдагы соттук экспертизаны жүргүзүүнүн процесстик ченемдери бузулган учурларда өткөрүлүүчү соттук экспертиза.
Изилдөө объектинин бузулушу - изилдөөлөрдү өткөрүүдө физикалык, химиялык, биологиялык ыкмаларды колдонуунун натыйжасында объекттин касиеттеринин жана абалынын өзгөрүүсү.
Соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн сертификаты - тийиштүү эксперттик адистиги боюнча квалификациясын ырастоочу жана соттук-эксперттик изилдөөнү жүргүзүүгө укук берүүчү жеке адамга берилүүчү документ.
Соттук эксперттин компетенттүүлүгүн сертификациялоо - соттук-эксперттик изилдөөлөрдү белгилүү бир түрүн жүргүзүүдө коюлуучу талаптарга жеке жактын компетенттүүлүгүнүн ылайык келүүсүн белгилөө жана соттук экспертизаны жүргүзүүдө айкын аракеттерди талаптагыдай жүзөгө ашырууга анын мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо.
Соттук эксперт адистиги - белгилүү бир жааттагы, түрдөгү жана түрчөдөгү экспертизаларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон белгилүү бир билимге, атайын даярдыкка жана иш тажрыйбасына ээ болуу жолу менен алынган билимдердин, жөндөмдөрдүн жана көндүмдөрдүн комплекси.
Соттук-эксперттик иш - кылмыш-жаза, жарандык, администрациялык процесстердин же укук бузуулар жөнүндө иштин катышуучулары болуп саналган жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн соттук экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү боюнча иш.
Соттук эксперт - илим, техника, искусство же өнөрчүлүк жаатында атайын билимдерге ээ, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ага соттук экспертизаны жүргүзүү тапшырылган, иштин бүтүшүнө кызыкдар болбогон адам.
Соттук-эксперттик иликтөө - тыянакты (корутундуну) туюндуруу менен аяктаган таанып билүү процесси, соттук эксперт тарабынан жүргүзүлгөн тигил же бул материалдарды иликтөө. Эксперттик иликтөө атайын билимдин негизинде жана иликтөөгө келип түшкөн объекттерге карата тиешелүү ыкмаларды жана усулдарды колдонуу аркылуу эксперттин компетенциясына ылайык жүзөгө ашырылат.
Атайын билимдер - айкын илим, техника, искусство же өнөрчүлүк жаатында атайын даярдык жана (же) кесиптик тажрыйба жолу менен ээ болгон теориялык билимдердин жана практикалык көндүмдөрдүн системасы.
Атайын эксперттик даярдык (кесиптик даярдык) - белгилүү бир билими бар адамдын белгилүү бир жааттагы, түрдөгү жана түрчөдөгү экспертизалардын өндүрүшүндө өзүнүн билимин колдонуу көндүмдөрүнө ээ болуу процесси жана натыйжасы, тактап айтканда, анын эксперт кесибине (квалификациясына) ээ болуу процесси.
Соттук-эксперттик изилдөөнүн ыкмасы - соттук экспертизанын предметине тиешелүү иш жүзүндөгү маалыматтарды аныктоо үчүн соттук экспертизанын объекттерин иликтөөдө колдонулуучу логикалык жана (же) инструменталдык операциялардын (жолдордун, ыктардын) системасы.
Соттук-эксперттик изилдөөнүн усулу - соттук экспертизанын предметине тиешелүү иш жүзүндөгү маалыматтарды аныктоо үчүн соттук экспертизанын объекттерин иликтөөдө колдонулуучу ыкмалардын системасы.
Валидация - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлүүчү соттук-эксперттик изилдөөнүн ыкмаларын жана усулдарын пайдалануунун жарактуулугун баалоо.
(КР 2023-жылдын 10-апрелиндеги № 83, 2025-жылдын 8-августундагы № 192 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)