Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 25-июну № 103
2013-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосунда "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү" долбоорун каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2013-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосунда "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү" долбоорун каржылоо жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондуна Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |