Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 26-июну № 106
2012-жылдын 11-декабрында Берлин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен KfW, ранкфурт-на-Майне ортосунда "Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо-III Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү" долбоору боюнча карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу жөнүндө Келишимди ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2012-жылдын 11-декабрында Берлин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен KfW, Франкфурт-на-Майне ортосунда "Карыздык милдеттенмелерди конверсиялоо-III Коммуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү" долбоору боюнча карыздык милдеттенмелерди алмаштыруу жөнүндө Келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги KfWга Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |