Редакцияот 12.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 12-июлу № 138

 

2013-жылдын 26-февралында Бишкек шаарында кол коюлган "Айылды суу менен  камсыздоо жана санитария экинчи долбоорун" (№ ТF 013105) кошо  каржылоо боюнча  Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын  ортосундагы Макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

 

2013-жылдын 26-февралында Бишкек шаарында кол коюлган "Айылды суу менен камсыздоо жана санитария экинчи долбоорун" (№ TF 013105) кошо каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Макулдашуу-каты ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө кабарласын.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев