Редакцияот 15.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2013-жылдын 15-июлу № 146

 

Бишкек шаарында 2013-жылдын 23-майында кол коюлган  "Аялдар ишкердигин өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу-катын ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

 

Бишкек шаарында 2013-жылдын 23-майында кол коюлган "Аялдар ишкердигин өнүктүрүү" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу-каты ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына кабарласын.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев