Редакцияот 07.10.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

 

2010-жылдын 7-октябры УӨ № 140

 

2010-жылдын 31-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Немец Өнүктүрүү Банкынын (KFW) жана Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ортосунда кол коюлган Өзүнчө Макулдашууну  ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

 

2010-жылдын 31-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Немец Өнүктүрүү Банкынын (KFW) жана Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ортосунда кол коюлган Өзүнчө Макулдашуу (мындан ары - Өзүнчө макулдашуу) ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Германия Федерациялык Республикасынын Өкмөтүнө жана Немец Өнүктүрүү банкына (KFW) Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Өзүнчө Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

 

3-берене.

 

Бул Декрет расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

 

Р. Отунбаева