Редакцияот 04.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V- чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

2013-жылдын 4-апрели № 4/4

Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Семиз-Бел айылынын тургундарынын 15-март 2013-жылдагы №5 токтомун бекитүү жөнүндө

Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында Семиз-Бел айылынын тургундарынын элдик жыйындын 15-март 2013-жылдагы №5 токтомунун негизинде Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн Семиз-Бел айылынын тургундарынын жалпы элдик жыйынынын 15-март 2013-жылдагы №5 токтому бекитилсин.

2. Айдоо-себүү, оруп-жыйуу, мезгилин сапаттуу бүткөрүү элдик жалпы жыйындын чечимине ылайык жумуштун аткарылышына төмөндөгүдөй кызмат көрсөтүү акылары бекитилсин:

1.    Кош айдоо -900 сом 20 -25-литр май

2.    Себүү -300 сом 8 литр май,эки сепсе 400 сом 14 литр май

3.    Планировка -200 сом 8 литр май

4.    Тырмоо -150 сом 8-10-литр май

5.    Арык тартуу - 60 сом 5 литр май (га)

6.    Чөп чабуу - 850 сом 10 литр май

7.    Косилка - 1000 сом майы ичинде

8.    Комбайн -1000 сом 21 литр май

3. Мал багуу акыларын бекитүү жөнүндө 2013-жылдагы элдик жыйындын чечимине ылайык төмөндөгүдөй мал багуунун акылары бекитилсин:

1.    Уй,бука - 200 сом

2.    Кой - 30 сом

3.    Эчки -35 сом

4. Жаздоого көчүү 20-апрелден кечиктирилбестен, ал эми жайлоого көчүү-1-майдан кечиктирилбестен көчүрүлсүн. Убагында көчпөгөн жана эрте көчүп келген чабандарга 5000сомдон 10000 сомго чейинки айып салынсын. эгинге кирген малдын башына төмөндөгүдөй айыптар салынсын

1.    1 баш кой-эчкиге-100 сом

2.    1 баш тай-торпоко- 500 сом

3.    1 баш уй-жылкыга-1000 сом

4.    1 баш эшеке- 1000 сом

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевге тапшырылсын.

 

Айылдык Кеңештин төрагасы

М. Букамбаев