Редакцияот 22.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги ХIII-сессиясы ( 4-чакырылыштагы )

 

2013-жылдын 22 майы №5

Маданият үйүнүн директору Б. Маликовдун аткарып жаткан иштеринин жүрүшү жөнүндө

Отуз-Адыр айылынын маданият үйүнүн директору Б. Маликовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айылынын маданият үйүнүн директору Б. Маликовдун аткарган иштери «канааттандырарлык эмес» деп эсептелсин.

2. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнөн Б.Маликовго «Эскертүү» берүү жагы суралсын.

 3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Базибай уулу Асанбек)

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (Э. Ташматов).

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин тѳрагасы

 

О. Айдаров