Редакцияот 07,02,2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2014-жылдын 7-февралы № 20

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Э. Алымбековдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жана  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесиннин 3-бөлүгүнүн 1-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Ата-Мекен”  саясий социалистик партиясы” саясий партиясынын талапкерлердин тизмеси боюнча депутат болуп шайланган Алымбеков Эркинбек Джумабаевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алымбеков Эркинбек Джумабаевичтин №107 күбөлүгү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтом “Эркин-Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана

референдум өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын төрагасы

 

 

Т. Абдраимов