Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-июну №27/130
Кош-Дөбө айылдык округунун 2012-жылга атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгүнө түзүлгөн сметаны бекитүү жөнүндө
Кош-Дөбө айылдык округунун ФЭБнүн башчысы С.Капаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Депутаттарды Кош-Дөбө айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айылдык округунун 2012-жылга атайын каражаттын киреше бөлүгү 64,5 миң сом, чыгаша бөлүгү 64,5 миң сом болуп бекитилсин.(Тиркелет).
2. 2012-жыл үчүн түзүлгөн сметаны бекиттип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Кочкор райондук бөлүмүнөн суралсын.
3. Кош-Дөбө айылдык Кеңешинин 2012-жылга карата атайын каражатка түзүлгон сметанын ар бир статьяларын мыйзамдын негизинде туура чыгымдалышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кош-Дөбө айылдык округунун башчысы Т.Абыкеевге жана отчетун берип туруу жагы финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы С. Капаровго милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин төрагасы |
Б. Айталиев |
ЖИБЕРИЛСИН:- Иш кагазына,Рай.фин.бөлүмүнө, ФЭБнө