Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-декабры № 2/5
Кош-Дөбө айыл аймагынын 2012-2014-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүүнүн программасынын аткарылышы жана Кош-Дөбө айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга каратасоциалдык экономикалык өнүгүүнүн программасын бекитүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагынын 2013-жылдын социалдык экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Абыкеев Темирболоттун билдирүүсүн угуп жана талкуулап төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кош-Дөбө айыл аймагы боюнча: тартылган инвестиция 20, 120 580 сом кошумча жол 25 миллион баардыгы 45,120 580 сомдук иш аткарылгандыгын белгиледи. 2013-жылга карата Ормон Хан атанын мааракесин мамлекеттик денгээлде өткөрүү, контордун имараттын ремонттон өткөрүү Кара-Күнгөй айылына мечит салдыруу, жолду оңдоо ж .б иштер аткарыла тургандыгына кеңири токтолду. Айыл өкмөтүндө экономиканы көтөрүү менен калктын турмушун жакшыртуу, социалдык маселелерди чечүү, калкты социалдык жактан коргоо айыл чарбасында жогорку жетишкендиктерди камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо, билим берүү маданият тармактарынын иштеринин деңгээлин жогоруу көтөрүү, кылмыштуулукту болтурбоо жана аларды алдын алуу иштерин уюштуруу максатындаДепутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын 2012-2014-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүүнүн программасынын аткарылышы боюнча Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Абыкеев Темирболоттун маалыматы эске алынсын.
2. Кош-Дөбө айыл аймагынын 20132-2017-жылдарга социалдык экономикалыкөнүгүүнүн программасы бекитилсин.
3. Айыл аймагында аксакалдар соттору, ардагерлер, аялдар, жаштар кеңештеринин ишин жандандыруу менен алардын жоопкерчилигин артырууну уюштуруу, айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин арасында аткаруучулук тартипти жакшыртуу, жоопкерчиликти көтөрүү, кадрлардын резервин түзүү, кадырларды тандоо жана жеке жоопкерчиликти көтөрүү жагына көңүл бурулсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймактык Кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин төрагасы |
А. Байташов |
Жиберилсин:- иш кагазына, туруктуу комиссияларына