Загрузка документа…
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-декабры №2/2
Ак-Талаа районунун прокуратурасынын 24-декабрь 2012-жылдагы № 11-165-12 талабын жана Тоголок-Молдо айыл аймагынын бала-бакчасынын жамаатынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Тоголок -Молдо айылдык Кеңешинин сессияcы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа районун прокуратурасынын 24-декабрь 2012-жылдагы № 11-165-12-талабынын негизинде Боронбаев Санамбайга мыйзамсыз сатылган бала-бакчаны кайра кайтаруу боюнча сотко доо арыз менен кайрылууга, берилген мөнөөттөн өтүп кеткен калыбын ордуна келтирип берүү жагы Нарын областык райондор аралык сотунан суралсын.
2. Бала-бакчага тиешелүү документтерди толуктап, топтоп сотко доо арыз менен кайрылуу жагы Тоголок -Молдо айыл аймагынын өкмөт башчысы Э.Нурдиновго милдеттендирилсин.
З. Көрсөтүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча кийинки айылдык кеңештин сессиясында билдирүү берүү жагы айыл аймагынын өкмөт башчысы О.Нурдиновго тапшырылсын.
Тоголок Молдо айылдык кеңешинин төрагасы |
Ж№ Нурдоолотов |
Жиберилди: иш кагазына, айылдык кеңештин депутаттарына, Нарын областык райондораралык сотуна.