Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-апрели №5/16
Кош-Дөбө айыл аймактык жергиликтүү бюджетин 2013-жылга карата бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин экономика, финансы, бюджет салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Деркенбаев Майрамбек жана Кош-Дөбө айыл аймагынын ФЭБнүн башчысы Капароав Сабатардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Кош-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылга карата белгиленген бюджет төмөндөгүдөй бекитилсин 2013-жылдын киреше бөлүгүнө 13450,2 миң сом, мунун ичинен:
-киреше салык патенттен -50,0 миң сом
-жер салык юридикалык тарап -167,0 миң сом
-жер салык физикалык тарап -72,0 миң сом
-тазалык жыйым -20,0 миң сом
-кыймылсыз мүлккө алынуучу салык -2,0 миң сом
-аренда жер салык ФПС -35,0 миң сом
-транспорт салык -105,0 миң сом
-Айыл чарба эмес жер салык -7,0 миң сом
-сатуудан алган салык -10,0 миң сом
-административдик штраф -3,0 миң сом
-подоходный налог -400,0 миң сом
-госпошлина -5,0 миң сом
-кызмат көрсөтүү без нал.сп. са-во -1,5 миң сом
__________________________________________________________
Баары: -877,5 миң сом
-категориалдык грант -11973,6 миң сом
-теңдештирүүчү грант -1274,7 миң сом
2. 2013-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү:
-аппаратка -1319,3 миң сом
-агартуу -12023,6 миң сом
-маданият -782,5 миң сом
3. 2013-жыл үчүн айыл аймагынын жылдык бюджеттин киреше болүгуно 14125,4 миң сом чыгаша бөлүгү 14125,4 миң сом болуп бекитилсин.
4. Кош-Дөбө айыл аймагынын Кеңешинин 2013-жылга карата белгиленген бюджетинин ар бир статьяларына мыйзамдын негизинде туура чыгарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы:- Т.Абыкеев жана отчет берип туруу жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы С.Капаровго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы экономика, финансы, бюджет, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин төрагасы |
А. Байташов |
Жиберилсин: Иш кагазына, ФЭБнө, Рай, фин, бөлүмүнө.