Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-апрели №5/17
Кара-Күнгөй Кара-Саз айылдарынын ИСКАКБнын башчыларынын жүргүзүп жаткан иштери жана айрым кызмат көрсөтүүлөргө кошумча акыларды чектөө жөнүндө
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин Социалдык маселелер, электр энергия, билим берүү жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Айталиев Бактыбектин маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин Социалдык маселелер, электр энергия, билим берүу жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Айталиев Бактыбектин маалыматын эске алынсын.
2. Кара-Күнгөй жана Кара-Саз айылдарында ИСКАКБнын кызмат көрсөтүүлөрүнө төмөндөгү акылар бекитилсин.
-үйүнө суу киргизип алгандарга 3000 сом
-Сууну уурдап киргизип алгандарга 5000 миң сом
-үйүнө суу киргизгендерди ар бир жанга 20 сом
-калонкага шлянги сайгандарга 1000 сом
-мал суугарганга 200 сом
-кир машина жууганга 200 сом
-суунун баш жагындагы резервуарга жана суунун башындагы корукка мал киргизгенге 1000 сом
-там салганга суу киргизгенге уруксат берилсин.
-насос пайдаланганга уруксааат жок
3. ИСКАКБда иштеген кызматкчылардын айлык акылары төмөндөгүдөй бекитилсин.
Кара-Күңгөй: Кара-Саз:
-Төрайым 2000 сом 5000
-Бухгалтер 2000 сом 3000
-Сантехник 3000 сом 2500 (санитар охранник)
-Охраник 1000 сом
4. 29-июнь 2012-жылы токтом №27 /127 мурунку ИСКАКБнын төрагасы Кенжебаев Орузбайдан корукту тосо турган цемент столба жана тикенек зымдар алынсын.
5. Суу башаттары толук көзөмөлгө алынсын.Жылына эки жолудан тазаланып хлорлоп туруу жагы милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы өзүмдүн жетекчилигиме аламын.
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин төрагасы |
А. Байташов |
Жиберилсин: Иш кагазына, ИСКАКБнын башчыларына.