Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-апрели №5/18
Кош-Дөбө айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2013-жылга карата бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин мандат, депутаттык иш, этика жана коомдук тартипти сактоо, агрардык жер реформасы, жайыттарды пайдалануу жана ФПСтин жери маселелери боюнча турукту комиссиянын төрагасы Ибраимов Теңдиктин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин мандат, депутаттык иш, этика жана коомдук тартипти сактоо, агрардык жер реформасы, жайыттарды пайдалануу жана ФПСтин жери маселелери боюнча турукту комиссиянын маалыматы эске алынсын.
2. Кош-Дөбө айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2013-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 358 388 сом чыгаша бөлүгү 274 388 сом резервный фондко 84 миң сом болуп бекитилсин.
3. Жайыт пайдалануучулар үчүн төлөмдүн өлчөмү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
1.Бодого 40 сом бир башка
2.койго 8сом бир башка
3.жылкыга 40 сом бир башка
4.топоз 150 сом бир башка
4. Жайлоого мал багып чыккан чабандар элден төмөндөгүдөй баа менен алуу жагы тапшырылсын.
1.Бодого 200 сом бир башка
2.койго 25сом бир башка
3.эчкиге 30 сом бир башка
5. Сырт жайлоого чыккандар 50% жайыт налогунан бошотулсун.
6. Ички жайыттарды сактоо максатында элдик жыйындын токтомунун негизинде төмөндөгү айыл тургундары сырт жайлоого чыгарылсын.
1.Сыдыков Туратбек 1.Боронбаев Дүйшөнбү
2.Акматов Бектен 2.Акматов Зарылбек
3.Мукаев Чолпонбек 3.Шайымбетов Мирлан
4.Абдыкасымов Мисир 4.Жоробекова Күлүмкан
5.Керимов Медет 5. Абдилатов Жумабай
1. Көчүп конуунун графиктерин так сактоо жагы ар бир малчыга милдеттендирилсин.
2. ҮКӨК суусуна коюлган көпүрө боюнча атайын түзүлгөн комиссия жеринен барып текшерип келүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Бейшенбиевге тапшырылсын.
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин төрагасы |
А. Байташов |
Жиберилсин: Иш кагазына, Айыл өкмөтүнө, жайыт пайдалануучулар бирикмесине.