Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-апрели №5/22
Кош – Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын № 34 18.04.2013 жылдагы буйругуна макулдук берүү жөнүндө
Кош – Дөбө айыл аймагынын 18.04.2013-жылдагы №34 буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиянын билдируусун угуп жана талкуулап Кенештин сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт:
Кош – Дөбө айыл аймагынын территориясында жайгашкан, айылдардын дыйкандарын сугат суу менен тейлеген “Кара – Күңгөй – Үкөк – Суу” СПА нын балансасында турган 1979 – жылы пайдаланууга берилген “Кара – Күңгөй” БСР и көп жылдан бери тазаланбай, ичи топурак, кумга толуп, натыйжада суунун топтолушу эки эсе кыскарып айылдардын дыйкандарын суу менен камсыз кылуу кескин төмөндөгөн.
Жаз алды менен БСР ди тазалатуу максатында СПА, айыл өкмөтү биригип ЖЧК “Темирлан НАУСС” мекемеси менен бартердик келишим жана смета түзүшкөн. Келишим боюнча 2000 куб метр топурак кумду казып чыгаруу, аткарылган жумуш үчүн айыл өкмөтүнүн балансасында көп жылдан бери пайдаланылбай турган “Комбайн – Новес” имараты 234104 (эки жуз отуз төрт мин жуз төрт) сомго бааланып бартердик жол менен экинчи тарапка берүү жагы макулдашылган.
Бул түзүлгөн келишим Кыргыз Республикасынын № 215 25.09.2003 – жылдагы “Жергиликтуу өзүн өзү башкаруунун финансалык – экономикалык негиздери жөнүндөгү мыйзамдын 26 – беренесине, жана башка мыйзамдарга, нормативдик актыларга, ошондой эле Кош – Дөбо айыл өкмөтүнүн жобосуна негизделинген, “келишшимде көрсөтүлгөн жумущтун көлөмү толук аткарылган жана комиссиянын актысы менен өткөрүлүп алынган, бартердик жол менен берилүүчү имараттын курулуш материалдары дагы комиссия менен такталган (актылар тиркелет)
“Жогорудагыларды угуп талкуулап Депутаттардын Кош – Дөбө айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош – Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын № 34 18.04. 2013 – жылдагы буйругу Кыргыз Республикасынын №215 25.09.2003 – жылдагы “Жергиликтуу өзүн өзү башкаруунун финансалык – экономикалык негиздери” жөнүндөгү мыйзамынын 26 – беренесине ылайык бекитилсин жана “Кара – Күңгөй” БСР ин тазалоо үчүн түзүлгөн келишим ошондой эле аткарылган жумуш үчүн бартердик жол менен берилүүчү айыл өкмөтүнүн балансасында турган “Комбайн – новес” имаратын чыгыштоого макулдук берилсин.
2. “Кара – Күңгөй” БСР инин ремонту үчүн аткарылган жумуштун көлөмү атайын түзүлгөн комиссия менен өткөрүлүп алынсын жана кеткен чыгымдар БСР дин балансанын баасына кошулуп СПА кириштелсин
3. Аткарылган жумуш үчүн бартердик жол менен төлөнүүчү “Комбайн – новес” имаратын айыл өкмөтүнүн балансасынан чыгыштоого уруксаат берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнө караштуу “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу” иштери жана этностор аралык мекемелер боюнча мамлекеттик агентигинен суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кош – Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Абыкеевге, ФЭБ нун башчысы С. Капаровго тапшырылсын.
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
А. Байташов |
Жиберилсин: Иш кагазына Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө