Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-апрели №5/23
Кара-Саз айылынын Канат көчөсүнүн тургундарынын арыздарын кароо жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги бак Канат көчөсүнүн тургундарынын огороддоруна көлөкө түшүрүп түшүм алууга мүмкүн болбой жаткандыктан бутоого уруксат сурап жазган арызын карап Депутаттардын айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Саз айылынын Канат көчөсүнүн тургундарынын арыздары канааттандырылып огороддоруна көлөкө түшүрүп жаткан бактарды бутоого уруксат берилсин.
2.Бактарды бутоо жана уюштуруу иштерин жүргүзүү жагы Канат өчөсүнүн тургуну Мамбеткаитмов Бекарстанга тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын жер турак жай комуналдык маселелер боюнча адис Тилен у Талантка тапшырылсын.
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
А. Байташов |
Жиберилсин: Иш кагазына, Айыл өкмөтүнө, жайыт пайдалануучулар бирикмесине.