Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-апрели №5/24
ОсОО “НУР Телеком” компаниясынын берген сунушун кароо жөнүндө
ОсОО “НУР Телеком” компаниясынын берген сунушун кароодо Кара-Күңгөй айылынын түндүк жагында жайгашкан Турганбай булуң участкасындагы адырга станция куруу үчүн 30 м2 жерин сурап жазган сунушун карап Депутаттардын айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ОсОО “НУР Телеком” компаниясына Кара-Күнгөй айылындагы Турганбай булуң участкасындагы адырды караган учурда Кош-Дөбө айыл аймагына тиешелүү жер экендиги аныкталды, аныкталган жер участкасына станция куруу үчүн 30 м2 жер бөлүп берүүгө уруксаат берилсин.
2. Бөлүнгөн жерди тактап берүү жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын Жер, турак жай-комуналдык маселелер жана ӨК боюнча башкы адиси Тилен уулу Талантка тапшырылсын.
3. Эки тараптуу түзүлгөн келишимдин негизинде акча каражаты көргөзүлгөн реквизиттерге которуп туруу жагы ОсОО “НУР Телеком” кампаниясына милдеттендирилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Т.Абыкеевке тапшырылсын.
Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
А. Байташов |
Жиберилсин: иш кагазына, ФЭБ бөлүмүнө, ОсОО “НУР Телеком” компаниясына