Загрузка документа…
АЛДАШЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 9 января №1
Алдашев айыл кеңешинин регламенти бекитүү жөнүндө
Алдашев айыл кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндөгү билдирүүлөрдү угуп жана талкуулап Алдашев айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алдашев айыл кеңешинин регламенти бекитилсин.
2. Алдашев айыл кеңеши өз ишмердигине ушул регламентти жетекчиликке алсын.
3. Айыл кеңешинин регламентин юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү боюнча иш жүргүзүү айыл кеңешини жооптуу катчысы Ж.Жумагуловага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткаырылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Жумагуловага милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | Ж. Кендирбаев |
САРУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛДАШЕВ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнундө» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин иш-аракет тартибин аныктайт.
1.1. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына, Жогорку Кеңеш жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомдоруна, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
1.2. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин иш-аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык, Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.3. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңеши белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тен жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4-жылга шайланат. 1.4. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин уюштуруучу укуктук иштөө формасынын негизи сессия болуп саналат.
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет.
1) Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө
2) Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу.
3) Аймакта социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын беитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу.
4) Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча женилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө.
5) Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик обүектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролдукту жүзөгө ашыруу.
6) Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу.
7) Мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу.
8) Депуттаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айыл өкмөт башчысына, райондук маанидеги шаардын жана Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешине ишеним көрсөтпөө.
9) Жергиликтуу жамааттын уставын бекитүү.
10) Администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу.
11) Төраганы жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматынан бошотуу, кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу.
12) Жергиликтүү кеңештин Регламентин кабыл алуу.
13) өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу.
14) өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде айыл өкмөт башчысынын, айыл аймагын башкаруусун,Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин жана айылдык өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү.
15) Муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу жанат жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мызамдарына ылайык бекитүү.
16) Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңеши өкмөт башчысын шайлоо. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары, депутаты тарабынан көрсөтүлүүчү , ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (мындан ары аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл айыл кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат.
17) Тиешелуу мыйзамда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген айыл, Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңеши үчүн белгиленген жер салыгынын суммасы чектеринде кыртыштын бонитетинин балдарын эске алуу менен, айыл-чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференцияланган ставкаларын белгилөө.
18) Кайра бөлүштүрүү фондунун айыл-чарба жерлерин, чабындыларды, жайыттарды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо.
19) Жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
2.2. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңеши жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык, финансалык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат.
2.3. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңеши белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө төраганын орун басарын жана структура жөнүндө чечим кабыл алат.
3.1. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин төрагасы депутаттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин ыйгарым мөөнөтүнө шайланат. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин төрагалыгына депутаттар тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин төрагасы:
- Кеңештин сессиясын чакырат.
- Сессияга төрагалык кылат.
- Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин чечимдерине, отурум протоколдоруна жана башка иш кагаздарына кол коет.
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
3.2. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин төрагасы өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн шайланган депутаттардын өзүнүн демилгеси боюнча жалпы депутаттардын копчулук добушу менен кызматтан бошотулат.
3.3. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин төрагасынын орун басарына, Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин төрагасы тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен шайланат. Депутаттардын копчулук добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
3.4. Кеңештин төрагасынын орун басары, төраганын тапшырмаларын аткарат жана ал өз милдетин ар кандай себептер менен аткара албай калган учурда, төраганын милдетин аткарат
3.5. Кеңештин төрагасынын орун басары өз милдетин коомдук башталышында алып барат.
3.6. Кеңештин төрагасынын орун басары депутаттардын өзүнүн демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
4.1. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин катчысынын милдетин айыл өкмөтүнүн башкаруунун жооптуу катчысы аткарат.
4.2. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин катчысы
- Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин катчысы сессиянын протоколун жүргүзөт
- Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин катчысы келип түшүүчү иш кагаздарынын эсебин алууну уюштурат.
- Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиянын уюштуруу иштерин жүргүзөт.
- Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат.
- Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин сессияларынын токтомдорун тариздейт жана кеңеш депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат.
- Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
5.1. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин кеңеште киргизүүгө тийиштуу маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн депутаттара санынан, ошондой эле, кеңеш чечимдерин ишке ашырууга катышуу үчүн, бул чечимдерди, бул аймактагы жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарышын көзөмөлдөө үчүн туруктуу комиссия түзүлөт. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңеши тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлөт. Комиссиялар тизмеси, алардын сандык курамын шайлоо Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин депутаттары тарабынан аныкталат.
5.2. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңеши атын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияны түзө алат. Убактылуу комиссиялардын ишенимдүүлүгү тапшырылган милдеттерин аныктагандан кийин токтотулат.
6.1. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп кеңештин сессиясы саналат. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын санынын өзүнөн кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6.2. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин депутаттары кеңеш сессиясына катышууга милдеттүү. Алардын сессияга катышуусунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала төрагага же орун басарына же катчыга маалымдоого тийиш. Жыл ичинде депутат жүйөлүү себепсиз экиден ашуун сессияга катышбаса депутаттык мандаты колдонуу токтотулат.
Кеңештин чечими менен сессия жабык түрүндө өткөрүлүүсү мүмкүн.
6.3. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин сессиясы ачык түрдө өткөрүлөт
6.4. Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
6.5. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
6.6. Айрым себептер менен каралбай калган маселелер, кийинки сессияда каралат.
6.7. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин сессиясынын протоколун кеңештин катчысы жүргүзөт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калган себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга төрагалык кылуучунун колу коюлат.
7-Глава
Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин токтом долбоорлорун кароо тартиби.
7.1. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин сессиясында каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынат. Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
7.2. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш:
-Кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт.
-Зарыл учурда кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашууга тийиш;
-Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш;
-Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутундусу болуусу керек;
7.3. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7.4. Кеңештин депутаты чечимге макул болбосо, жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин протоколуна киргизүүгө укуктуу.
7.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын жана санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пунктар боюнча каралат.
7.6. Токтом долбоору баардык ондоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
7.7. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кеңеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
7.8. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңеши кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.
8.1. Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин иш Регламентин, типтүү Регламенттин негизинде регламент маселелери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат жана кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизет.
8.2. Регламент маселелери боюнча топко Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин шайлануучу депутаттардын саны беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны Саруу айыл аймагынын Алдашев айыл кеңешинин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
8.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
8.4. Регламент жана Регламентке ондоолор, киргизилгенден кийин кеңешке шайланган депутаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.