Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-апрели № 5/3
Семиз-Бел айыл аймагынан ташылып жаткан топурак, кум, ташка акы бекитүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагына караштуу айыл тургундарынын суроо талаптарын эске алуу менен айыл өкмөтүнө караштуу баардык карьерлерден алына турган топурак, кум, ташка акы бекитүү максатында Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагындагы карьерлерден алына турган топурак, кум, таш тартып чыккан автоунаалардан төмөндөгү өлчөмдө акы алынсын.
Чоң жүк ташуучу
Машиналар(ХО,ж.б.) -300 сом
Камаз -200сом
Маз -200сом
Зил -150сом
ГАЗ 53 -100сом
Трактор -50 сом
Кара-Тоо айылындагы карьерлерди кайтарууга алып, таштандыларды төктүрбөө,кум,топурак,таш ташыган унаалардан алына турган акыны алып, айыл өкмөтүнө төгүп берүү жагы Кара-Тоо айлынын тургундары Алымжанов Өмүргө, Насирова Мересяга милдеттендирилсин.
2. Бул токтомду мыйзамдаштырып бекитип берүү жагы Нарын облустук монополияга каршы саясат боюнча башкармасынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, чогулган акча каражатын мыйзамдуу төгүлүшүн көзөмөлдөө башкы бухгалтер А. Касымовага милдеттендирилсин.
Семиз-Бел айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Чаарчокиев |