ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талды-Суу айылдык кеңешинин XXVI шайланган II сессиясы
2013-жылдын 5-марты № 2/1
Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2012-жылга бюджетинин аткарылышы, 2013-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2012-жылга бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жылга бюджети депутаттардын сунуштарын эске алуу менен төмөндөгүдөй бекитилсин.
2.1. Категориялдык грант 16731,8
2.2. Теңдештирилген грант 2459,3
2.3. Айыл чарбасынан түшкөн киреше 1106,3
2.4. Спец счет 75,0
Баары: 20372,4
3. Бюджеттин чыгымдалышын атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н. Боогачиевага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н. Боогачиевага милдеттендирилсин.
Талды-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ж. Молоев |