ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVI шайланган II сессиясы
2013-жылдын 5-марты № 2/2
Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2012-жылга бюджетинин аткарылышы, 2013-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2012-жылга бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2013-жылга бюджети депутаттардын сунуштарын эске алуу менен бекитилсин.
3. 2013-жылда жайыт акынын басы төмөндөгүдөй бекитилсин:
-майда малга -8 сом
-бодо малга -40 сом
-жайыт жерлерди башка максатка пайдалануу үчүн 1 сотыгына 5 сом
-ар бир бал челек үчүн 10 сом
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жайыт комитетинин төрагасы И. Исмаиловко милдеттендирилсин
Талды-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Жунусов |