Редакцияот 17.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2013-жылдын 17-апрели № 6/2

2013-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарын жүргүзүү боюнча айыл өкмөттүн дыйкан фермерлерине техникалык кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акыларынын бааларын бекитүү жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында 2013-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарын жүргүзүү боюнча айыл өкмөттүн дыйкан фермерлерине техникалык кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акыларынын бааларын талкуулап депутаттардын Кара-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында 2013-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарын жүргүзүү боюнча айыл өкмөттүн дыйкан фермерлерине техникалык кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акыларынын баалары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

1. Айдоо (соко) 1 га.  800 сом; 25 литр күйүүчү май.

2. Малалоо бир сыйрасы 1 га .200 сом; 10литр күйүүчү май.

3. Планировка 1га 200 сом; 10литр күйүүчү май.

4. Себүү (сеялка) бир сыйрасы 1га. 150 сом 7,5 литр күйүүчү май.

5. Арык тартуу узундугуна карабай 50 сом 5 литр күйүүчү май.

2. Бул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевке милдеттендирилсин.

 

Кара-Суу айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Т. Курткаев