Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2013-жылдын 7-июну № 7/1
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2012-жылга аткарган иштерин талкуулап, 2013-жылда мал ээлеринен алынуучу жайыт акыларын жана 2013-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынынын пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р. Салбаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2012-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын
2. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарынан жайыт акысы Кочкор райондук өнүктүрүү башкармалыгынын 18.02.2013-жылдагы №15 катын эске алуу менен төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
-Ири мүйүзүү малга ар бир башка 30 (отуз) сомдон
-Жылкыга ар бир башка 30 (отуз) сомдонан
-Койго ар бир башка 6 (алты)сомдон
-Эчкиге ар бир башка 6 (алты) сомдон
3. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жылга бюджети төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
Киреше бөлүгү: Уй: Тубар уй-2481х30=74430 Бука - 200 30=6000 Кунаажын, торпок, музоо-1286 ,7=90030=27000 Жылкы: Тубар бээ- 1401 30=42030 Ат,айгыр- 877 30=26310 Кунан, байтал, кулун- 1609 0,7=1126 30=23780 Кой, эчки: Тубары- 15170 6=91020 Кочкор – 1217 6=7302 Токту, борук – 6229 0,7=1246 6=7476 БААРЫ: 305348 сом | Чыгаша бөлүгү: Айлык акылар – 75000 Соц фонд 17,25 -12937 Ар кандай ремонт иштерине -29551 Транспорт чыгым-10000 Сапарлык чыгым -6000 Концелярдык чыгым -4000 Резерв фонд- 15000 БААРЫ - 216448 сом
|
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айрым малчы чабандар Жумгал районунун жайлоосуна жайлагандыктан жайыт акы 88900 сомго азаят
3. Жумгал районуна тиешелүү жайлоолорго чыккан Кара-Суу айыл өкмөтүнүн малчы чабандары менен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин ортосундагы чыр маселелерди чечип берүү жагы Кочкор райондук өнүктүрүү башкармалыгынан суралсын
4. Бул токтомду аткаруу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине тапшырылсын.
Кара-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
Т. Курткаев |