Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-апрели № 3
(Кара-Коюн айыл аймагындагы малды жайлоого кошуу, жазгы айдап себүү, сугат суунун баасы жана эгин, чөп чабындыга кирген малга карата штрафтын тарифтери боюнча)
Кара-Коюн айыл аймагындагы малды жайлоого кошуу, жазгы айдап себүү, сугат суунун баасы жана эгин, чөп чабындыга кирген малга карата штрафтын тарифтери боюнча болгон элдик жыйындын токтомун эске алуу менен Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Коюн айыл аймагындагы малчыларга мал кошуунун баалары төмөндөгүдөй баада бекитилсин: Бодо малга 120 сом, майда жандыкка бир айга 30 сом, калган майына 25 сомдон, кочкор кошу 40 сом, чабыр койго 25 сом.
Жайыт акы мал багуучулардан алынсын.
2. Жазгы-жайкы корук убагында камакка түшкөн Бодо малга 300 сом, майда жандыкка 50 сом айып салынсын.
3. Күзүндө эрте келген малчыларга чара колдонулаары эскертилсин.
-Эгинге кирген малдын ээсине ар бир башына 500 сом айып салынсын.
4. Жазгы-айдап себүүнүн баалары төмөндөгүдөй баада бекитилсин.
-дын жерди айдоо 800 сом, аныз жерди айдоо 700 сом, себүү 250 сом, тырмоо 250 сом.
5. Кызыл-Туу СПА сынын 1 га жерге төлөнүүчү сугат суунун баасы 2013-жылга карата 130 болуп бекитилсин.
6. Кара-Коюн айыл аймагында таштандыларды чыгаруу максатында түтүнгө жылына 50 сомдон өз ара салык салынсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысы Таштанов Рустамга тапшырылсын.
Кара-Коюн айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Карагулов |