Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12- марты № 5/2
Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь 2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешине Нарын шаарынын жашоочусу Молдогазиев Урмат Нарын шаарынын мурунку элеватор аймагындагы Мусурманкулов көчөсү №24 дарегинде жайгашкан 253,02 чарчы метр жер аянтын турак жай зонасына которуп берүү өтүнүчү менен 4-октябрь 2010-жылы кайрылган.
Бул жер аянтын Молдогазиев Урмат Жумагулова Гүлнара Барктабасовнадан кыймылсыз мүлктү сатуу жана сатып алуу келишиминин негизинде сатып алган.Аталган жер аянты боюнча Молдогазиев Урматка Нарын райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан укук күбөлөндүрүүчү №369095 Ч сериясындагы мамлекеттик акт берилген.
Молдогазиев Урматка тиешелүү 253,02 чарчы метр жер аянтына Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизип К-1 (зона предприятий транспорта, складов-баз, коммунального хозяйства мелкого производства) зонасынан Ж-1 (зона индивидуальной усадебной жилой застройки с содержанием скота) зонасына которууга Нарын райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгы 4-октябрь 2012-жылы №112, шаардык архитектура башкармалыктары 9-октябрь 2012-жылы № М-02/96 бүтүмдөрүн сессияга сунушташкан.
Нарын шаардык Кеңешинин Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун жана архитектура, жерге жайгаштыруу башкармалыктарынын бүтүмдөрүнүн негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын Военкомат аймагында жайгашкан Мусурманкулов №24 көчөсүндөгү Молдогазиев Урматка таандык 253,02 чарчы метр жер аянтына Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн зоналарга өзгөртүүлөр киргизилип, аталган жер аянты сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан К-1 (зона предприятий транспорта, складов-баз, коммунального хозяйства мелкого производства) зонасынан Ж-1 (зона индивидуальной усадебной жилой застройки с содержанием скота) зонасына которулсун.
2. Нарын шаарынын Военкомат аймагында жайгашкан Мусурманкулов №24 көчөсүндөгү Молдогазиев Урматка тиешелүү жер аянты боюнча Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн картага өзгөртүүлөрдү киргизүү Нарын шаардык мэриясына (А.Суранов), шаардык архитектура башкармалыгына ( Рахат уулу Эркин), Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (Т.Акматов) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясынын биринчи вице мэри А.Сурановго тапшырылсын.
Төрага | Э. Турсуналиев |