Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12- марты № 7
Нарын шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген майыптарга турак жай куруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмүтүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына кайрылуу жолдоо жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешине Нарын шаарында жашоонун оор турмушун өткөрүп жатышкан, иш кылууга мүмкүнчүлүгү чектелген, социалдык жактан муктаж 1-2- топтогу 1080 майыптын атынан «Үмүт Кутман» майыптар коому бүгүнкү күндө ден соолугу өтө начар жашоо шарты оор жана туруктуу жашай турган турак жайы жок, ар кайсы батирлерде жашап, мамлекет тарабынан берилип жаткан жөлөк пул дары-дармектен ашпай жаткандыгын билдирүү менен Нарын шаардык Кеңешине турак жай маселесин чечип берүү боюнча атайын кайрылуу каты менен кайрылышкан. Кайрылуу кат шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилип, депутаттардын талкуусуна коюлду. «Үмүт Кутман» майыптар коомунун талаптарын талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарындагы иш кылууга жана ден соолугу боюнча мүмкүнчүлү чектелген майыптардын кайрылуусунун негизинде, аларга жеке менчик турак үй куруп берүүгө Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин тартыштыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Нарын шаардык Кеңешинин IV сессиясынын атынан Кайрылуу жиберилсин.
2. Нарын шаарындагы иш кылууга мүмкүнчүлү чектелген майыптарга турак үй куруп берүүгө, алардын көйгөйүн Жогорку органдарга жеткирүүгө карата алгылыктуу иш аракеттерди көрүү Нарын шаардык мэриясына (Б.Жээналив) тапшырылсын.
Төрага | Э. Турсуналиев |