Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12- марты № 8
Нарын шаарындагы №18 «Ак-Дил» бала-бакчасынын имаратынын коопсуздук абалы жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылштагы IV сессиясынын күн тартибине кошумча маселе кылып «Республика» фркциясынын 2009-жылы «Ага-Хан» фондусу тарабынан сатылып алынган Нарын шаарынын РТС аймагында жайгашкан №18 «Ак Дил» бала бакчасынын имаратынын бүгүнкү күндөгү коопсуздук абалы, бала-бакчаны сатып алууда, ага капиталдык ремонт жүргүзүүдөгү ири суммадагы акча каражатынын сарпталышын Мыйзам чегинде тактап чыгуу жөнүндөгү жана «Ак Дил» бала бакчасынын башчысы Нургүл Асипбаеванын кыскача маалыматын угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2009-жылы «Ага-Хан» фондусу тарабынан сатылып алынган №18 «Ак Дил» бала бакчасынын имаратынын бүгүнкү күндөгү коопту абалын, ошол кездеги бала-бакчаны сатып алууга, ремонт иштерине чыгымдалган акча каражаттарын тактоо жана бала-бакчанын архитектуралык иш кагаздарын карап чыгуу боюнча Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынан, шаардык мэриянын кызматкерлеринен, архитектура башкармалыгынын ишке тиешелүү адистеринен турган комиссия түзүлсүн.
2. Түзүлгөн комиссиянын ишинин жыйынтыгы Нарын шаардык Кеңешинин кийинки сессиясында кароо жагы белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Э. Турсуналиев |